Печать
Категория: Коом
Просмотров: 512

Кыргызстанда коронавирус илдетинин кесепети былтыркы июль айындагыдай болбойт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. 

"Министрлик кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Учурда ооруканаларда орундар бар. Бишкекте 200дөн ашуун орундар турат, зарыл болсо анын санын 800гө жеткире алабыз. Биз даяр турабыз. Азыр кызыл зонага кирген ар бир стационарда дарыгерлер обсервациядан өтүүчү бөлүмдөр ачылган. Биз аларды "Ак-Кеме" жана "Достук" мейманканаларына жайгаштырабыз. А бөлүмдөрдү бейтаптарга палата кылабыз. Дары-дармектер 1,5-2 айга жетет. Дары-дармек менен камсыздоо Департаменти дары-дармектерди жана СИЗди стационарлардан арыз бараары менен жөнөтүп турушат", - деди министр.