Печать
Категория: Коом
Просмотров: 597

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына бейтаптар толуп калганын башкы дарыгер Гүлжигит Аалиев айтып берди. 

"Илдет жаштардын жана балдардын арасында күчөөдө. Өткөн жылы 20-40 жаштын аралыгындагылардын ооруканага кайрылганы чанда болчу, а бул жылы көп. Баарынан дагы жаш балдар оң жыйынтыктуу ПЦР тести, оор жана орто оор формадагы пневмония менен келип жатканы тынчсыздандырууда. Буга биринчиден, көбү медициналык жардамга кеч кайрылып жатканы себеп болууда. Экинчиден, бул коронавирустун илдет тез өнүккөн ар кандай штаммына байланыштуу болсо керек", - деди дарыгер. 

Айтымында, учурда аталган ооруканада бейтаптар үчүн 400 орун бар. Бүгүн, 21-июнда 26 адам үйүнө чыгарылып, бирок алардын ордуна жаңы бейтаптар келген. Андан тышкары, ооруканага бир гана бишкектиктер эмес, башка аймактардын оор абалда келген тургундары да кабыл алынууда.