Жылдыз Бакашованын ковид илдетине каршы күрөшүү Республикалык штабынын жетекчиси болуп дайындалышы коомчулукта терс пикирди жаратты. Баары бир ооздон ден соолук тууралуу кеп болуп жаткан жерде мурдагы китепканачынын кандай тиешеси бардыгына таңыркап жатышат. А коронавирус күндөн күнгө күч алып, 2020-жылдагы "кара июль" окуясы кайрадан кайталануу коркунучу жаралууда...
Фейсбуктун Дмитрий Федоров аттуу колдонуучусу мурдагы китепканачынын Республикалык штабды жетектөөсү логикага такыр сыйбай турганын жазып чыкты:
"Батыш активдүү эмделишүүдө. Башында акылдуу жана аң сезимдүүлөр вакцияна алышты. Андан кийин мамлекет көпчүлүктүн иммунитетисиз коронавирусту жеңе албашын түшүнүп, элди эмдөөдөн өткөрүү үчүн ар кандай кызыктыруучу белектерди беришти, ал турмак сыйлык коюшту. Бул дагы жардам бербегенде, ар бир өлкөдө келесоолор табылат эмеспи, катаал мажбурлоо чараларын киргизишти.
Бир гана бизде баарына баары бир. Вакцина өтө аз, бирөө да дагы алып келүүнү ойлонгон жок. Бекер беришсе- жакшы. Беришпесе - эмне болсо ошол болсун деген принцип. Анын үстүнө азыр командир вице-премьер, мурдагы китепканачы. Ким аны угат? Ким аны менен сүйлөшөт?"
Жылдыз Бакашова кимге, кантип жакканы, китепканадан жогоруну көздөй ишенимдүү кадам таштоого кандай жол тапканы белгисиз. Он беш жылдай Улуттук китепкананы башкарып, анда да бир топ ызы-чуунун каарманы болгон. Китепканада 500 жылдык тарыхы бар бир нече китептин дайынсыз болуп жатканы коомчулукка чыгып, бирок бул тууралуу Бакашова жөндүү түшүндүрмө бере алган эмес. Китеп көрөңгөсүн аздектеген адабият жаатынын өкүлдөрү канчалык коңгуроо кагышса да директор айым суудан кургак чыккан. Убакыттын өтүшү менен бул иш кар алдында калган издей эле унутулду. А кийинчерээк, Жылдыз Бакашова ошондогу карт тарыхтуу эмгектерди жоготкондогу "эмгеги" үчүнбү, вице-премьер-министрликке көтөрүлдү. Коомчулук аны бул кызматка да татыксыз деп кабыл алышкан. А эми коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабынын жетекчисине айланды.
Коронавирус менен күрөшүү Республикалык штаб деген эмне? Анан жетекчиси кандай милдетти аткарат? Ал - жалпы элди илдеттен коргоо, алдын алуу чараларын уюштуруу, ооругандарды ден соолугуна залалын тийгизбегендей кылып айыктыруу аракеттерин көргөн штаб. А жетекчиси мына ушул аракеттерди ийне-жибине чейин билиши керек. Медициналык билими бар адам гана вирустун адам организмине тийгизген кесепетин толук кандуу түшүнүп, аны айыктыруунун жол-жобосун териштирбесе, жөнөкөй жарандын тиши өтпөйт. А бизде баары тескерисинче. Жада калса китептерди сактай албаган китепканачыны адам өмүрүнүн коопсуздугун коргоочу штабдын чокусуна отургузуп коюшат. Ал кантип протокол түзөт, а мейли, протоколду медицина тармагынын өкүлдөрү түзүп беришти дейли, а анын мүчүлүштүктөрүн же артыкчылыктарын кантип талдайт? Дараметин билген адам билим, тажрыйбасы такыр башка нукта экенин түшүнүп, колунан келбеген кызматтан баш тартса бирдеме болобу? Мына, күндөн күнгө ооругандардын саны көбөйүүдө. Республикалык штаб былк этпейт. Статистиканы жарыялап койгону болбосо, кандай аракеттерди жасап жатканынан кабар жок. Бул да болсо, кызмат десе эле билсе - билбесе да жулкуна берүүнүн кесепети...