Соцтармактарда Өмүрбек Бабановдун машыгуу залында машыгып жаткандагы видеосу тарады. Айрымдар видео УКМКнын абагында тартылган деген пикирлерин билдиришүүдө. Айтымдарында, аталган абакта машыгуучу чакан зал бар.
Бирок мындай маалыматтарды УКМК четке какты.
"УКМКнын абагы режимдүү объект болуп саналат жана ал жакта видео-фото материалдарды жасоого тыюу салынган. Өмүрбек Бабановго байланышкан видео материал фейк болуп эсептелинет", - деди УКМК.