Өзбекстандан алып келинген ISUZU SAC40 маркасындагы автобустар Тико машинасы сыяктуу эле. Сапаты өтө начар,бизге сунушталып жаткан автобустар Ташкент шаарына ылайыкташтырылган эмес, алар бул автобустарды алыскы райондоруна көбүрөөк колдонушат. Автобустун баасы расмий сайтында дээрлик 34 000$ турат экен. Бул маркадагы автобус 16 орундуу.

Экинчи  автобус ISUZU LE60 баасыр расмий сайтта 80 000 $ барат. Шаар үчүн ыңгайлуу комфорт типттеги автобус. Бул дагы Өзбекстанда чыгат. Ичинде кондиционер жана видео камералар орнотулган. Бул автобус 25 орундуу

Сунуш: Өзбекстандан келген автобустарды минимум 3 айга шаар ичинде сыноодон өткөзүү керек. Эң аз 20 даана сатып алып, техникалык текшерүүдөн өткөзүү керек деп эсептеймин.

Медербек Саидов