"Урматтуу мекендештер! Ак үйдү курчаган тосмо кайра орнотулат деген туура эмес маалымат таркалууда. Тосмо кайра орнотулбайт жана парламенттин имараты ачык бойдон калат. Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер!" - деп жазды Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, акыркы учурда коомчулукта Акүйгө мурдагы тосмо кайра орнотулат экен деген маалымат тараган.