Экс-депутат Исхак Масалиев маркум Болот Шерге байланышкан бир окуяны эстеди. Анын айтымында, окуя кыргыз делегациясынын түрк жергесине барганында болгон. 

"Болот Шер жана Режеп Тайып Эрдоган... Эч кандай окшоштук болушу мүмкүн эмес...

2002 же 2003-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын делегациясы спикер Алтай Бөрүбаевдин жетекчилиги алдында Түркияга расмий сапар менен барды. Делегациянын курамында Болот Шер да бар эле. Өтө көп жолугушуулар болду, анын арасында ошол убактагы премьер-министрдин орун басары Режеп Эрдоган менен да жолугуштук. Бизге бул киши орун басар аталганы менен иш жүзүндө лидер экенин, бүгүн болбосо эртең Түркиянын президенти болоорун айтышты.

Ошентип, биз сүйлөшүүлөр залына кирдик, Кыргызстандын делегациясын отургузушту, эки тарап бет маңдай отурдук. Жетекчилер жакшы сүйлөшүп жатышты. Эрдогандын алдында күл түшүргүч коюшту, ал тамеки тартып сүйлөшүүнү уланта берди. Бир канча убакыттан кийин Болот Шер чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып, ал дагы тартып кирди. Биздин төрага аны жактырбай карап койду, а ал болсо көңүл бурбады. Эрдоган Кыргызстандан келген, тамеки тартып жаткан коногуна бир карап алып, акырын бирдеме дегендей болду. Заматта Болоттун алдына күл түшүргүч коюлду. Ким кимге этикет сабагын өттү? Болоттун өз мүнөзү бар болчу", - деди Исхак Масалиев.