Эскерте кетсек, ишкер алдамчылыкка шектелип кечээ, 15-июнда кармалган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Г.Б. (Генрих Балян) мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 миң АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Г.Б. жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз, Г.Б. тапшырмасы менен 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.

 
Элгезит