Мамлекеттик ипотеканы берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү жана ага ылайык баштапкы төлөмдү алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. Анда “Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.
Депутат Салайдин Айдаров мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгилеп: “Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттарынын пайыздык өлчөмүн азайтуу жана баштапкы төлөмүн алып салуу жактарын кайра карап чыгуу сунушталууда”, – деди.
Ал эми депутат Улугбек Садиков 8 пайыздык чек өтө жогору экенин белгилеп, азайтуу зарылчылыгын кошумчалады. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Карамат Орозова: “Ипотекалык насыялардын пайызын азайтуу менен катар аз камсыз болгон жарандарга ылайыктуу турак-жайларды куруу керек”, – деди.