Печать
Категория: Коом
Просмотров: 174

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү  жөнүндө тапшырма берди. Анткени, акыркы убактарда адама өмүрлөрүн алып кеткен жол кырсыктары кескин көбөйдү. Алсак, акыркы күндөрдө Жалал-Абад облусунун аймагында болгон автожол кырсыгынан 6 адам, Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан 3, Президенттин кортежин коштоп жүргөн автоунаага башка машина жол эрежесин бузуп келип урунгандыктан 1 адам өлдү. Жалпысынан июндун башталышынан бери автожол кырсыктарынан 20га жакын адам каза болду. Булардын баары айдоочулардын мастыгынан жана жол эрежелерин сактабагандыгынан болууда.

2020-жылы 4 миң 184 жол кырсыгы катталып, 500гө жакын адам  өлгөн. Алардын ичинен 59у жаш балдар. Андан сырткары 6271 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Же автожол кырсыктары 2019-жылга салыштырганда 8 пайызга өскөн. Быйыл жыл башынан бери 512 автожол кырсыгы катталып, 17 наристе, жашы жете элек балдар курман болушту. Алсак, өткөн  ишембиде “Фольксваген пассат” машинасын жолдун жээгине токтотуп коюп, ээси сугатты карап жүргөндө артынан “Мерседес-бенц” маркасындагы автоунаа катуу ылдамдыкта келип анын машинасын сүзгөндө анын ичинде отурган аялы жана жаш кызы каза болгон. “Мерседестин” ичиндеги эки адам тең катуу мас экендиктери аныкталган. Автокырсыктардын арасында мындай фактылар көп. Ошондуктан коомчулук, адистер мас абалында автоунааларды башкаргандарга айып пулдарды, жазаны күчөтүүнү талап кылып жатышат. Жол коопсуздугуна көзөмөл кылгандар айып пулдарды жазганга эмес, ар кандай кырсыктардын алдын алууга негизги басым жасашпаса, жолдор, өзгөчө Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы-Торугарт сыяктуу автотрассалар жарандарыбыз үчүн өзгөчө кооптуу болуп баратат.

Адатта автожол кырсыгынан жабыр тарткандардын бир бөлүгү майып болуп, өмүр бою анын азабын тартышат, иштөө жөндөмдүүлүгүнөн, мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Дары-дармектер, мезгил-мезгили менен стационардык  дарылануудан өтүп турушу үчүн чоң суммадагы каражаттарды сарпташат. Ал эми аларды андай акыбалга учураткан айдоочулардын көпчүлүгү эрктеринен түгүл, автоунаа башкаруу укугунан деле ажыратылышпайт. Алсак, депутат Иса Өмүркүловдун баласы авария жасап, андан 3 адам өлгөн. Бирок, ал эркинен түгүл, машина айдоо укугунан деле ажыратылбай эле тайраңдап жүрөт. Жабыр тарткандарга атасы чоң суммаларда ооз басты кылып койсо, шүгүрчүлүккө көнгөндөр: “Мейли, аны атайылап жасабады, кырсык болду, аны сотттоткондо өлгөндөрүбүз тирилмек беле. Андан биздин мүйүзүбүз чыгабы,  андан көрө бергенин алып салават кылалы”, - деп коюшууда. Андан келишүүчүлүк, кайдыгерлик байлардын балдарын кутуртууда. Анткени, алар адамды тебелеп өлтүрүп кетишсе деле, эч кандай жазага тартылбашын жакшы билишет. Бирок, андай көрүнүштөр набыт кеткендердин арбактарына түкүргөнгө барабар экендиги талашсыз. Анткени, адам өмүрүн акчага алмашуу адеп-ахлакка сыйбаган кыянаттык.

Андай көрүнүштөргө чек коюу үчүн мас абалында автоунааларды башкаргандарга карата жазалар күчөтүлүүсү зарыл. Маселен, айдоочу мас абалында автоунаа башкарып бараткан жеринен кармалса, ал 10 жылга, эгерде мас абалында адам өмүрүн кыйганга күнөөкөр болсо, өмүр бою автоунаа башкаруу укугунан ажыратылуусу керек. Эгерде ал  жазаны аткарбай, дагы машина айдап жүргон жеринен кармалса, автоунаасы конфискацияланып, өмүр бою машина айдоо укугунан ажыратылуусу керек.  Антпесе өлкөбүздөгү негизги трассалар кээде кызыл жаян  кан майданга окшоп баратат. Баткендеги кагылышууда  отуздан ашык адам өлүп, дагы андан ашыгы жарадар болгондо жалпы эл көтөрүлдү эле. Ал эми жылына 500-600дөн адам өлүп, миңдеген адамдар жарадар болуп жаткан көрүнүштөргө эмнеге ашкере либералдуулук кылышыбыз керек? Баарынан мастардын, жол эрежелерин сактабагандардын күнөөлөрүнөн улам наристелердин, жашы жете балдардын өмүрлөрү кыйылып жаткандыгы  өкүндүрөт.

Батыштын айрым өлкөлөрүндө мас абалында рулга отуруп, адам өмүрүнө зыян келтиргендерге карата жазалар жогоруда айтылгандардан да катаал. Биз да андай чараларга бармайынча жол кырсыктары азайбайт окшоп калды.

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити