Президенттик администрациянын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиев "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка  караганда, Алмамбет Салиев Кыргызстандын экс-президентине болгон жакындыгынан пайдаланып, сот тутумунун, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишкен жана  мамлекетке зыян келтирүү менен жеке түзүмдөрдүн  кызыкчылыктарын коргогон.

Андан сырткары ал мамлекеттик кызматта иштеген маалында өзүнүн расмий кирешесине туура келбеген кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алгандыгы аныкталган. Мыйзамсыз тапкан кирешелерин болсо курулуш компаниялардын бирине  көп кабаттуу үйлөрдү жана коммерциялык объектилерин куруу үчүн салган. 

Иликтөө иштеринде топтолгон далилдердин негизинде, 2021-жылдын 16-июнунда Алмамбет Салиев Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмышка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Алмамбет Салиев Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде анын жардамчысы болуп иштеген. Кийин   Өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. Президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылы дайындалып, 2020-жылдын октбярына чейин иштеген.