Печать
Категория: Коом
Просмотров: 196

Өлкөбүз жакырчылыктан  качан арылат? Тилекке каршы, элибиздин сезилерлик бөлүгүнүн жашоо турмушу дагы деле төмөн бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитет 2020-жылы ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыктын чегинде күн кечиргендигин маалымдады. Сан менен айта турган болсок, 1 млн. 678 миң адам оор абалда жашоо өткөргөн.

Алардын 73,3 %ы айыл жерлеринде жашагандар болуп эсептелет. Жакырчылыктын деңгээли өткөн жылы Ошто (6 %га) жана Талас облусунда (0,8 %га) төмөндөтүлгөн. Ал эми калган аймактарда жакырчылыктын деңгээли өсүүдө. Жалал-Абад облусунда жашоосу оорлордун саны 10,3 %га өскөн болсо, Нарында – 8,7 %, Чүйдө – 6,3 %, Ошто – 4,8 %, Ысык-Көлдө – 3,5 %, Баткен облусунда – 2,1 %га көбөйгөн. Ал эми өлкөбүздүн борбор калаасында жакырчылык деңгээли 4,9 %га өскөн.

Булак: “Майдан. kg” гезити