Печать
Категория: Коом
Просмотров: 227

Россияга барып иштеп жатышкан эмгек мигранттардын 76 %ын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан баргандар түзөт. Тагыраак айта турган болсок, ушул жылдын алгачкы 3 айында Өзбекстандан 556 миң, Тажикстандан 283 миң, Кыргызстандан 166 миң адам эмгек мигранттары катары барышкан.

Россияга баргандардын көпчүлүгү Москвага барса, андан кийин Москва облусу турат. Үчүнчү орунда Санкт-Петербург менен Ленинград облусу. Мындан сырткары, эмгек мигранттары көп учурда  Россиянын  Амур, Краснодар, Иркутск, Красноярск, Свердлов облустарына, Приморье жана Татарстанга барышат. Ал эми Калмыкия, Чеченстан, Ненец автономдуу округу, Тыва, Ингушетия, Марий-Эл жана Алтай мигранттарды көп кызыктырбаган аймактар катары эсептелет.

Булак: “Майдан. kg” гезити