Кыргызстандын  бажы түзүмүндөгү  коррупция иштерине байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча КР ЭФМ алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Айтмаматов Н.П. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, чогулган материалдар боюнча  КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин ("Мыйзамсыз баюу") негизинде  сотко чейинки өндүрүш башталды.

Н.Айтмаматов өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды, товарлардын "жалган транзити" ж.б. уюштуруп, натыйжада ири өлчөмдө көмүскө киреше алып турганы такталган.

Ал  көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылат. Болжол менен 4,5 миллион АКШ долларына бааланган 30дан ашык элиталык батирлер, 1 млн. АКШ долларга бааланган 10дон ашык автоунаалары  бар.

Көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырылып, бирок негизги акциялары Н.Айтмаматовго таандык болгон.

Мындан улам, 2021-жылдын 10-июнунда Н. Айтмаматов КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.