Печать
Категория: Коом
Просмотров: 408

Апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышуу карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Чыр чыккан аймак Баткен районунда болгону үчүн эң чоң жоготуулар ушул райондо катталды.  Тактап айтканда, аталган райондун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, 17 үй күйүп кетти. Ак-Сайдан он, Достуктан бир үй өрттөнгөнү такталды. Мындан сырткары май куюучу бекеттер,  ресторан - дүкөндөр, чек ара заставасы өрттөлгөн. Лейлек районундагы Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары да жабыркап, өзгөчө Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланган. Мамлекет башчы С. Жапаров эки элдин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн бардык аракеттерин жасап, окуяны ырбатпай, тынчтык жолу менен чечүүнүн аракетин көрдү. Анын бул аракетин жергиликтүү эл туура түшүнүп, колдоого алышты. Биз дагы деле шок абалынан чыга албай, коркуп калган аталган айылдардын тургундарына атайын барып, кабар алып, баарлашып келдик. Ал окуяны жергиликтүү эл мындайча баяндап беришти. 

Салайдин ЭШМАТОВ, Кулуңду айылынын тургуну:  “Бул окуяда да кыргыз эли биримдиктүүлүгүн көрсөттү”

-  Мен Эшматов  Салайдин Шерматович ушул Лейлек районунун Кулунду айылынын жашоочусу болом. Чек арадагы чырдан улам жалпыбыз стресс  болдук. Чынында өтө жаман окуя болуп кетти, канчалаган жарандарыбыз каза болуп, жарадар болушту. Элге эле кыйын болду. Бирок, мамлекет башчылар тынчтык келишимине кол коюп, ушул жолду тандаганы туура эле болду. Кандай маселе болсо тынч чечкен жакшы эмеспи. Элдин арасында, келишимге макул болбой, “Тажик тарап бизди кордоп койду, аларга жооп кайтарыш керек эле, баш ийип, чөгөлөп калдык, “Ташиев туура эмес кылып салды”, “Жапаров коркуп отуруп алды” деген пикирлер болууда.  Мен буга кошулбайт элем.  Тескерисинче мамлекет башындагы адамдарыбыздын кадамын колдойм. Урушту ким баштаса, кимге ким бейкүнөө зулумдук кылса ал Алланын астында жооп берет. Андыктан биз буга баш оорутпашыбыз керек. Бирок, Кудайга шүгүр кыргыз эли сабырдуулук менен абалдан чыкты. Чек ара боюнча чырлар буга чейин болуп эле келген, бирок мынчалык оор өңүттө өткөн эмес. Эки элдин арасында анча-мынча түшүнбөстүктөр болгону менен негизинен ынтымактуу эле жашап келгенбиз. Менимче бул жолкусунда кандайдыр бир үчүнчү топтор кошулуп кетти. Анткен менен кыргыз эли биримдиктүүлүгүн көрсөттү. Жер-жерлерден жардамдар келип жатат, аларды карап отуруп кубанбай койбойсуң.  Аларга айтаарым, бизге берген бир сомуңар жүз сом болуп кайтсын! 

Калича ИДАНОВА, Максат айылынын тургуну:  “Тынчтык жолун тандоо - менимче эң туура кадам болду”

- Мен Иданова Калича Таджыбаевна 1980-жылы  Кулуңду айыл аймагындагы И.Раззаков айылында төрөлгөм. Бирок, Максат айылынын тургунумун. Мен да үйү өрттөнүп кеткендерденмин. Ташбоор тажик калкы баш паанек кылып турган жайыбызды тополоңдо өрттөп кетишти. Алага Кудайдын жазасы бар деп эле отурам, андан башка колумдан эмне келет. Жакшынакай беш бөлмөлүү чоң тамым бар эле, ичим ачышып турат. Өзүм болсо жесир аялмын. Жолдошумдун көзү өтүп кеткенден кийин төрт баланы жалгыз багып, эптеп өлбөстүн жашоосун көрүп келе жатканбыз. Эми мамлекет сентябрь айына чейин турак-жай тургузуп беребиз деп жатышат. Кудай буюруп ишке ашып кетсе экен. Мамлекеттен андан сырткары бир топ эле колдоолор болуп, жардамдар келип жатат. Бизге азыр эмне жардам болсо да болот, бардык нерсеге муктажбыз. Мамлекет тажик тарап менен тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, менимче бул эң туура кадам болду. 

Улукбек ЖАЙНАКОВ, Максат айылынын тургуну:  “Кудайга шүгүр, кайрымдуу элибиз бар экен” 

-  Мен ушул Максат айылында жашайм. Мында өткөн урушта  жүздөгөн үйлөр күйүп, миңдеген адамдар көчөдө калды. Чынында көп жоготууларга учурадык. Учурда айыл жашоочуларынын көпчүлүгү чек арада жүрөт. Эми эмне деген менен баарыбыз эле Кудайдын колунда экенбиз, мындан ары тынчтык эле болсо болду. Бирок, бул ишти ушуну менен калтырбай, бийлик бул чек ара маселесин тез арада чечиши керек.  Жабыркаган жергиликтүү элге үйлөрдү куруп, аймакты кайра калыбына келтириш керек. Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба дегендей, тажиктерге өчөшпөй, биздин бийлик акылдуулук кылып, тынчтык жолун тандады. Азыркы бийликтин бул позициясын колдойм. Айылыбызга Кыргызстандын булуң-бурчунан ар кандай жардамдар келип жатат. Комиссия түзүлгөн, алар жабыр тарткандарга бөлүштүрүп, таратып берүүдө. Кудайга шүгүр, кайрымдуу элибиз бар экен.  Бизге берген жардамдар өзүлөрүнө эки эселеп кайтсын! 

Зарина ОРМОНОВА, мээрман айым:  “Элдин көпчүлүгүнүн кан басымы көтөрүлүп, дагы деле шок абалдында”

-  Мен бул жакта медайым болуп эмгектенем. Коолголаңдын таасири абдан катуу болду. Карапайым элде ошол окуядан кийин моралдык-психологиялык абал туруксуз. Элдин көпчүлүгүнүн кан басымы көтөрүлүп, дагы деле шок абалдында жүрүшөт. Дээрлик бардыгы психологиялык жактан жыбыр тартышты. Өч алгысы келип, элдердин агрессиялык өңүттөгү мүнөздөрү байкалган учурлар дагы жок эмес. Эми аларды деле түшүнсө болот. Эл ичинде мен да бармын. Менин да үйүм да өрттөнүп, талап-тоноодо  калды. Башкалар сыяктуу эле, мен да ачуум келип капа болуп турам. Бирок, мамлекет тандаган тынчтык келишимин колдойм. Эгер андай болбогондо, бизде көп жоготуулар болот эле.  Учурда элден, өзүбүздүн бюджеттен, мамлекеттен кийим-кече, тамак-аш жана медициналык жактан да жардамдар келип жатат. Бүгүнкү күндө бардыгы жетиштүү. 

Саткынайым КАДЫРОВА, Көк-Таш айылынын тургуну:  “Кудай насип кылса көзүм өткөнчө өз айылымда эле жашасам дейм”

-  Мен жалгыз бой энемин, Көк-Таш айылынын жашоочусу болом. Апрель айынын аягында болуп өткөн коогалаң башкалар сыяктуу эле мага да абдан катуу таасир этти. Себеби, өзүм балдарым менен тажик-кыргыз арасында жашайм. Коңшуларым тажик, бирок тажиктерден коркуп калдык, азыр деле корком. Негизи эле жашагандан коркуп калдык. Анткен менен милиция кызматкерлерине өтө ыраазымын, себеби бизди жакшы коргоп, элдин коопсуздугу менен бейпилдигин сакташты. Экинчиден ыраазычылыгымды элибизге айттар элем, колдон-бутан алышып, гуманитардык жардамдарын жөнөтуп жатышат. Биз тизме боюнча алып жатабыз. Бүгүнкү күндо керектүү болуп жаткан нерселердин бардыгын алдык. Мамлекет эми кыргыз-тажик чек арасын тосуп, чек ара маселесин бекемдеши зарыл деп ойлойм. Болбосо бул чыр эртен кайра уланбайт деп ким кепилдик берет? Өзүмдүн үч балам бар, эне катары алардын коопсуздугун ойлоп, кээде уктабай чыгам. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей,  башка жака көчүп да кете албайбыз. Кудай насип кылып, көзүм өткөнчө өз айылымда эле жашасам дейм. 

Максатай КУЛАТОВА, жабырлануучу:  “Дайыма коркуу менен жашайбыз”

-  Мен үй-бүлөм менен Максат айылында  турам. Үч балам бар, жолдошум жер айдап, дыйканчылык менен алектенет. Бул окуяда тажиктер үйүбүздү өрттөп кетишти. Комиссия түзүлгөн, учурда тиешелүү кызматкерлер келип текшерип кетип жатышат. Мамлекет үй куруп берүүнү убадалады. Андан сырткары ар кандай жардамдар, акчалай каражаттар, азык-түлүк, кийим-кече, көрпө-төшөк сыяктуу керектүү буюмдар келип жатат. Мага социалдык коргоодон майып баланы карап отурганым үчүн 30 миң сом берилди. Келген азык-түлүктөр мөөнөтү өтүп кетип, жараксыз болгон учурлар да болууда. Андыктан баарынан мурда муздаткыч болсо жакшы болот эле. Болбосо күндүн ысыгында тамак-аштар ачып кетип, бөөдө эле ысырап болууда. Өзүбүз бала-чакабыз менен ар кайсы жерде эле жашап жатабыз. Убадалаган үйлөр курулганча мамлекет тарабынан убактылуу жайлар деле сунушталган жок. Чатыр куруп беришсе деле жакшы болмок. Чек ара маселеси качантан бери эле чечилбей келет. Мындай жаңжалдын далайына күбө болуп, дайыма коркуу менен жашайбыз.  Өзүмдүн да балдарым азырынча кичинекей. Ошондуктан кээде бул жактан кетип, жер которуу боюнча да ойлор келет. Бирок, жер которгонго мүмкүнчүлүгүбүз да, бараар жерибиз да жок болгондуктан, айла жок кайра отуруп калабыз. Мамлекет кайрадан турак үй салып берген күндө деле бизде коркуу сезими болуп калды. 

Насым ТУРСУНБАЕВ, Борбордук айылынын тургуну:  “Бийлик ыкчам түрдө иш алып барды”

-  Мен дагы ошол окуяда жабыр тарткандардын биримин. Менин жүк ташуучу унаам бар эле, аны 29-апрель күнү тажиктер алып кетишиптир. Негизи ал көбүнчө гаражда эле топтоп турчу. Ошол күну деле гаражда болчу. 28-апрелде бардыгыбыз айылдан чыгып кеткенбиз, эртеси таңга маал барсам унаам ордунда жок экен. Дароо келип эле милиция кызматкерлерге айттым. Аларга ырахмат, ыкчам түрдө иш алып барышып, унаамды кайра таап беришти. Тажикстандын талаасына таштап кетишиптир, ошол жактан барып, милиция кызматкерлери менен чогуу алып келдик. Унаанын ачкычын, аккумуляторун жана башка кошумча жабдыктарын тоноп кетишиптир.   Унааны Тажикстандын аймагынан алып чыгып баратканда, алардын күч органдары менен сүйлөшүп, келишип алып чыктык. Ошол себептүү эч кандай тоскоолдук болгон жок. Биздин  аймактык Ички иштер башкармалыгын жеткечисинин жардамы менен алып келип алдык. Ошондон бери милиция кызматкерлерибизге ыраазычылыгымды айтып бүтпөй жатам. Биздин жаныбызда болуп, карапайым элдин коопсуздугу үчүн өз жандарын да садага чаап иштеп жаткан милиция кызматкерлерине дагы бир ирээт ыраазычылыгымды билдирем. Алар бүгүнкү күндө да чек ара тарапты карап, көз салып күн-түн иштеп жатышат. Алардын ишине эң жогору баа берем. Андан сырткары кыйын күндө бизди унутпай, өздөрүнүн жардамдарын көрсөтүп жаткан бүткүл эли-журтума ыраазымын. Берилген жардамдардын аягы тыйылбай калонна, калонна болуп ар кандай гуманитардык жардамдар жетип келип жатат. Эл жерибизге, мамлекетибизге рахмат!

Равшанбек ЗУЛПУКОРОВ, Капчыгай айылынын тургуну:  “Бийлик башындагылар мындайга экинчи жол бербеши керек”

- Биз ошол 28-апрель күнү катардагы күндөрдөй эле өз жумушубуз менен алек болуп олтурганбыз. Анан эле күндүзгү саат он бирлерде бизге “Бала-чакаңарды алып, бул аймактан чыгып кеткиле, кырдаал оор” деген команда келди. Келиним Раваттан эле, неберем менен келинимди мына бул белден ашып ошол жака алып барып таштап келдим. Келсем аркы-берки айылдардан элдер топтолуп жатыптыр. Аңгыча бир милиция келип “Тажик тарап даярданып жатат, топтолуп турбай далдоо жайларга тургула”- деп айтып кетти. Ал айткандан соң беш мүнөттөй да убакыт өтпөй минаметтун снарядынын дообушу чыкты. Ошондо элдер ар ким ар жакка качып, чачырап кеттик. Карасам бир- экөө унаасына жүгүрүп баратыптыр. Менин да унаам ошол жерде болчу. Мен дароо эле унаама жугурүп барып отуруп, элдин артынан жөнөдүм. Ошону менен Чакмак баш деген бир корообуз бар, ошол жерге чыгып, элдер топтолуп ошол жерде турсак, бир аяш атам менен доктур эжебиз чуркап келе жатыптыр. Өпкөлөрү көөп, чарчап араң келе жатышты. Аяш атама боорум ооруп, аларды салып алып, андан ары жылып кетейин деп,  “жүгүрүңүздөр, басыңыздар тез-тез” деп турсам, машинанын жанына октор кадимкидей жаап жатты. Анан ал экөөңү салып алып эч нерсеге карабай эл качкан тарапка качып жөнөдүм. Айтор жаман эле иш болду. Эми мындан ары мындайга жол бербеш үчүн чек ара маселесин кандай жол менен болбосун чечиш керек деп ойлойм. Негизи тынчтык эле болсунчу. Бул эми карапайым эл чече алчу маселе эмес, аны эки мамлекеттин бийлик башындагылар сүйлөшүп, бир чечимге келиш керек деп ойлоймун.