ЖК депутаты Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов депутаттык комиссия түзүп, А.Жээнбекого тагылып жаткан айыпты иликтөөнү сунуштады.
"Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун укугу бузулуп жатканына байланыштуу ал парламентке депутаттык комиссия түзүү боюнча кайрылууга аргасыз болду", - деди Касымов.
Эске салсак, Асылбек Жээнбеков "Кумтөргө" байланыштуу коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен кармалган.