"Чабак аксак коюн деле издейт". Орхан Инанды окуясында Садыр Жапаровду күнөөлөп, "Түркияга ала барат" же, "өткөзүп берет" - деп ушак чыгаргандар эми уялгыла! Эч бир мамлекет башчы өз жаранын ала барып, тапшырбайт. Бул тарыхта жок.
Президентибиз эң ириде агартуучу жана педагог Орхан Инандыны анын душманынан сураптыр. Эл башы деген ушундай болот. Чачылганды жыйнаган дегендин бир мааниси ушул.
Садыр Жапаров сүргүн жылдарында Түркияда жашап кеткен. Алардын жашоосун, ички тирешүүлөрүн, саясий кызыкчылыктарын бүт билет. Динаятчы Фетхуллах Гүлен менен Эрдогандын мамилеси өтө муздак экенин билип туруп, Орхан Инандынын дарегин сураганы эң азында, мен сыяктуу карапайым элдин жүрөгүнө жылуулук уялатты. Азамат экен.
Орхан байке сөзсүз табылат жана келет. Президенттин бүгүнкү аракети менде кайрадан үмүт жаратты!" - деп жазды журналист Манас Осмон.
«Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхон Инанды 31-май күнү кечки саат 18.00дө байланышка чыккан боюнча дайынсыз болууда. Ал үйүнөн жолугушууга барарын айтып чыгып кеткен. Бир нече сааттан кийин анын машинасы ачык бойдон үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Жубайы Рейхан Инанды маалымат жыйынында жолдошу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде күч менен каралып турганы боюнча кабар укканын билдирген.