Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА, “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү: “Кайталангыс адам болчу!”
- Аттиң арман дүнүйө, куудулдардын алпы, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү ишмери, кайталангыс талант, кайталангыс дос, кайталангыс жазма акын, кайталангыс сатирик Рахман Разыковдон айрылып калдык! Кечээ, саат 14:00дө телефондон Рахман досум менен көпкө сүйлөшүп, Диля менен бакылдашып, алар жаткан ооруканага, “кызыл зонага” барып, тамак-ашымды киргизип, “менден кандай жардам керек”- десем, “баары жакшы, жардам керек болсо айтам”- дедиң эле... Көрсө баары жакшы болбой калган экен. Чын дүйнөгө шашып кете бериптирсиң. Диля алтыным, кайрат кыл, аза кайгыңды тең бөлүшөмүн. Аллахтын айтканынан кача албайт экенбиз, Жаратканым досумдун акыретин абад, топурагын торко, ыйманын саламат кылсын! Бейиштен орун берип, фирдаус багын насип этсин!
Нурлан ШАКИЕВ, КР экс-маданият министри: “Рахман Разыков ар кандай наамдардан жогору турчу!”
- Бүткүл кыргыз эли Рахман Разыковдун дүйнө салганын угуп, кайгырып отурат. Кылымда бир жаралган улуу талантыбызды, мыкты өнөрпоздорубузду өз кезегинде жетиштүү колдоп, аздектей албай жатканыбыз өкүнүчтүү. Рахман Разыков сатира жаатында, куудулдарды өстүрүүдө өтө чоң мектепти түптөдү. “Беш тапан”, “Беш көкүл”, “Азил чыны аралаш” жана “Аралаш” тобун уюштурду. Акыркы 20 жылда сахнадагы ойнолгон сатиранын 90 пайызын Рахман Разыков жазды. Ал турсун Борбордук Азиядагы Разыковдун талантына таң берип, бизде мындай чоң талант жок болуп жатат деп анча-мында буйрутмаларды берип жүрүшкөнүн да билем. Рахман Разыков наамга кызыкпаганы менен ал “Эмгек сиңирген артист” деген наамдан жогору турчу. Эл артисти деген наамды эчак алышы керек болчу. Мен бир нерсени ачык айтып коюшум керек. 2011-жылы Маданият министри болуп иштеп турганымда “Рахман Разыковго наам берели”- деп издесек, Орусияда гастролдо жүргөн экен. Айрым документтерди өзүм толтуруп, анча-мынчасын жеңебиздин колунан алып, эмгек сиңирген наамын бергенбиз. Чынында мындай нерсе сейрек кездешүүчү учур. Адатта биздикилер наам алыш үчүн киши салып, тааныш салып, чуркап жүрүп, анан наам алышат. Чынында Разыков ошондой сый-урматка ээ болчу. Эми минтип бул дүйнө менен кош айтышып, элин орду толгус жоготууга туш кылды. Анткени, Разыков сатирадан тышкары чоң акын болчу. Турмуштагы, дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды ыр түрүндө жазчу. Мекенчилдик сезимди козгогон ырлары адамдарга дух берчү. Бийликтин кемчилигин өзүнчө бир жанр менен элге алып чыгып, аны тартуулап жүрдү. Ошон үчүн Рахман Разыковго окшогон таланттарыбызга азыртадан кам көрбөсөк, аттиң деп кала берет экенбиз. Жаткан жериңиз жайлуу болсун.
Ырысбек ЖАБИРОВ, продюсер: “Акам кетти, келбес сапарга...”
- Экөөбүздү тааныгандар, “акаң кана”, “акаң келдиби”, “акаң андай, акаң мындай”- деп сүйлөшчү. Анткени, ал мага чындап “ака” болчу. Ал мага жамандыкта жанымда турган ака эле. Ал мага аскиялашканда көтөрүмдүү эң жакын дос эле. “Сенин ордуң борбордо”- деп, мени 2003-жылы ушул акам көчүрүп алып келген шаарга. Акам экөөбүз 3 жыл бир үйдө чогуу жашадык. Жоктон бар кылган жаратман, мен үчүн устат эле. Адамдар менен урушканды эмес, сүйлөшкөндү үйрөткөн агай эле. Ар бир темада өзүнүн көз карашы, чындык деген үнү бар, мен үчүн “үлгү” эле. Эмичи... Кечээ түштө сүйлөштүк эле... Эртең менен жоксуз... Айтпай дебей, кайтпас сапарга кеткениңизди угузушту... Бир ай мурун үйгө келип, “быйыл сөзсүз бастырыш керек, үкам даярда”- деп таштаган “Аралаш театры 35 жашта жана Манас досту эскерүү” китебиңиздин кол жазмасы алдымда турат ака... Эки ай мурун, “быйыл тартабыз ушул кинону” деп, мага жаздырган киносценарий дагы алдымда турат ака... “Акыркы мерген” деген киносценарийди да башта деп баштатып кетиңиз эле, ал дагы бүтпөй турат ака... Сиз болсо, баарын бүтүрүп кетип калыпсыз ака... Ошол... Кичине кызым, мени карап түшүнбөй турат ака... Анткени, ал менин ыйлаганымды биринчи жолу көрүп турат ака...Жаткан жериңиз жайлуу, ыйманыңыз салават болсун АКА...
Булак: “Майдан. kg” гезити