Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
- Ата - энелерибизден балдарга кандай кылбаш керек , кандай кылса жагаарын өзүбүз аркылуу үйрөндүк. Мен мага эмне , кандай мамиле жакпаса, иргеп туруп , тарбиядан ыргытып салдым. Мага кандай мамиле жагат эле дегендерди иргеп туруп, балама берип атам.
1. Ата - энемдин кабак кашы бүркөлүп, үнү өктөм чыкса, жини кашайганда төпөштөп жиберген жерин жаман көрчүмүн. Коркчумун. Мен үчүн чоң стресс болчу. Кенедей ааламым аңтарылып кетчү. Азыр бирөө баласын сабап атканын көрсөм, баса калып , ошол жерден ата - энесинин сазайын бергим келет. Ошон үчүн менин балам бул сезимди сезбеш керек дедим. Менин баламды тарбиялоо эрежесинде “Балага кол көтөрүү!” деген эрежесин биротоло алып салгам.
2. Менин эркиме каршы, каалабаган нерсемди кыйнап жасатканын жек көрөөр элем. “Тур, жаса!” жеген буйрутма этишти укканда куюшканым куюла түшчү. Азыр уулума кеңеш катары, же өтүнүч катары билдирем. “Балам, ушундай кылсак кандай болот?” , же “ Уулум, ушундай кылайын дедим эле. Жардамың абдан керек болуп атат!” деп кайрылам.
3. Ийрим, окуу жай болобу , “Эчтекеңди билбейм окуйсуң!” , же “ Башымды оорутпа барасың!”, “ Кичинекейимде менин кыялым болчу! Мен жасай албай калдым. Сен жаса” дегендердин ордуна бир нече чечим сунуштайм. Көңүлүнө жакканын , каалаганын, же эңсегенин өзү тандап алат. Мындайда мойнунан байланган иттей эмес, сүйүнүп өзү чуркап барат.
4. “Мен сага бүт өмүрүмдү бергем! Сен мага карыздарсың!” дегендин ордуна “Эч ким эч кимге милдеттүү эмес! Жыргап жаша. Өз жашооңду курганды бил. Ата - энең маңдайыңда өмүр бою болбойт. Биздин жашообуз башка. Сеники башка. Уядан учканды бил” дейбиз. Бала ата - энеден учурунда бөлүнгөндү билиш керек. Мен анын жогорку окуу жайын төлөгөнгө, үйлөнүү үлпөт тоюн өткөзгөнгө, баласын бакканга милдеттүү эмесмин. Ал дагы мени бакканга милдеттүү эмес.
5. Ар бир ата - эне алгач өз бактысын , өз жашоосун куруш керек экен. Баланын жашоосу менен эмес өз жашоосу менен жашап, бактылуулук чайып турса, автоматтык түрдө бала да бактылуу болот тура.
6. Аял алаарда же күйөөгө тиерде ким мн кантип жашап, кимге тийип, кимди алыш керек деген жаатта адис боло беребиз. Түгөйү менен түбөлүк биз эмес балабыз жашаарын, койнуна биз эмес алар жатаарын унутпасак.
7. Сабактардан жаман баа алуу (биздин убакта “5” тен башкасынын баары эле жаман баа болчу) , жаңылуу , туура эмес жасап алуу, балалык кылып унутуп калуу, мүдүрүлүү, “Элдин балдарынан кем калуу” коркунучтуу болчу! Стресс! Өлүп кайра тирилчүбүз! Азыр болсо балама “Балам, баа маанилүү эмес. Башканын берген баасы мн жашаба. Өзүңө өзүң мыкты баа берсең, башканыкы мааниси жок болуп калат. Жаңыл. Жаңылуу, адашуу - тажрыйба. Бирок жаңылгандан алган сабакты жакшылап үйрөн . Жеңгенди билиш үчүн жеңилгенди билиш керек! Сен өзгөчөсүң! Сен мыктысың! “ деп калдык. Башканын баласын бийик коюп, өз балаңды кемсинт деген нерсени жойдук!
8. Классташтарым мн отурушка барып, жаштыктын доорун сүрүп, баладай ойноп жыргабаптырмын. Бала кезде досум - итим Коки, алыс чыккан жерим - короо болчу. Мектептен 10 мин кечигип келсем, таяк жечүмүн. Анан китептен башымды көтөрбөш кк болчу. Университетте да баш көтөрбөй окудум. Кыздар жатаканасында тартип укмуш катуу болчу. Кыздардын дээрлик көбү намаз окушчу. Ошентип атып, эрге тийгенде кайын эжем экөөбүз ээрчишип алып, алгачкы жолу диско клубду көргөнбүз. Жаштык кезди эстейин десем, эч балээ жок. Балам жыргасын дей берем азыр! Досунукуна түнөп келет. Каалаган жерине барат.
9. Ээн баспай - турбай жүрүп, мамиле күткөндү, эркектин жакшы - жаманын айырмалай албай, алдыңан чыккан алгачкы адамга эле баш кошо калып, бириңди бириң тааныгыча эле ажырашып тынат экенсиң. Сайгактап жүрүп, салмагы сайдын ташындай алтын балдарга тийген айрым кыздарга суктанасың. Эркекти билиш үчүн достошуп, жүрүп, мамиле куруп көрүп анан билет окшобойсуңбу?! Балама ушул жактан эркиндик берем. Балам мн сырдашам. Көмөк болом, ар бир мамилесин колдойм деп чечтим.
10. Бала мн ата - эне эки башка адамдар. Айрым ата - энелер ажырымды билишпей, балдарына мине берет. Киндиги үзүлбөй калган, ата - энесинен көз каранды бала руханий жактан да, адам катары да өспөй калат экен. Анысы аз келгенсип, ордун таппайт жашоодон. Оорукчан болуп чоңоет. Физикалык гана жактан эмес психикалык, моралдык жактан да кемтиги болот. Гиперопека кылып атып, далай ата - эне баласын өлтүрүп алат. Баламды оолак кармап, өз алдынчалыкка тарбиялап, канатын күүлөп, уядан учура билсем экен деп тилейм! Анан болушунча бактылуу болуп, өзүмдү таап, тарбиялап жашагым келет! Анткени андай эненин баласы сөзсүз бактылуу болот!