Бүгүнкү "Коррупция" беренеси менен кармалгандардын дээрлик бардыгы: "Мен сүттөн акмын. Мени куугунтуктап же ак жеримден сыздатып камап жатышат", - дешүүдө. Ал түгүл айрымдары этектей "ачык каттарды" да элге арнап жазып жиберишүүдө. Ушундан улам эл арасында айтылган "Цыгандын соттогу сүйлөгөн сөзү"- деген икая эске түштү.
Цыганды "Уй уурдадың"- деп кармап сотко алып келишет. Анда цыган сүйлөп атат имиш. "Урматтуу судя. Мен сиздин калыстыгыңызга ишенем. Ошондуктан, кашкайган чындыкты айтам. Окуя мындай болгон. Көзгө сайса көрүнгүс карангы эле. Ага кошул- ташыл жамгыр төгүп турган. Мен адаттагыдай эле достор менен сайрандап жүрүп кеч келаткам. Анын үстүнө кызуу да элем. Келатып эле чалынып кеттим. Эмнеге чалындым деп сыйпаласам жип экен. Мага окшоп дагы бирө чалынбасын деп жипти белиме ороп койдум. Менин ушундай ак көңүлдүгүмдү сөзсүз эске алыңыз. Анан үйгө кеч келгенимде дайыма сарай жактагы эшик менен кирем. Анткени аялым көчө жактагы эшикти бекитип коет. Ошентип сарай жак менен үйгө кирип баратып баягы жипти үйгө көтөрүп кирмек белем дедим да колума тийген казыктын бирине ороп таштап койдум. Эртең менен болсо полиция келип мени "Уй уурдадың",- деп кармап күнөөлөп кирди. Кудай турат жиптин экинчи учуна уй байланган экенин билген эмесмин. Карангыда кайдан билмек элем. Ошентип билбестиктен уй менин сарайыма келип калыптыр. Мендей ак эмгеги менен эптеп күн көргөн карапайым чынчыл адамды ууру тутканыңар кантип болсун. Мунуңар уят. Урматтуу судья, мени актаарыңызга ишенем",- деген экен.
Бүгүнкү Кыргызстандагы коррупция менен кармалгандардын жооптору так ушул цыган жооптон айырмасы болбой турат. Деги эле коррупция менен кармалгандарды угуп отурсаң Кыргызстанда коррупционер аттуу жок экен. "Кыргызстанды уурулар, коррупционерлер тоноду, экономикабызды талкалады, уурулардын азабынан миллиондогон балдар, кыздарыбыз чет өлкөлөрдө тентип мигрант болуп жүрүшөт"- деп жок нерсени айтат экенбиз. Коррупционер дегендерибиздин баары эле кан-жанын аябай элге кызмат кылышкан "эл уулдары" экен. Көрсө мамлекетибиз өзү эле кедей экен. "Кумтөр" деле татынакай мыйзам менен иштеп келатыптыр. Мафия деген түшүнүк да жок экен. "Кумтөрдүн" каймагын калпыгандар миллиоондогон долларларды кыргыз чиновниктерине беришчү деген деле калп, ушак экен. Ушундай. Эми сотторго боорум ооруп отурам. Кантип соттошот. Цыган сот болот го...
Чолпонбек Абыкеев