Малдын көптүгү Ысык-Көлдүн жээгин кыкка айландырууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Исмаилов билдирди. 

Айтымында, алыскы жайыттар пайдаланбагандыктан ушундай көйгөй жаралып жатат. 

 “Малдын көптүгүнөн Ысык-Көлдүн жээги да кык болуп кетти. Анткени, алыскы жайыттар пайдаланылбай жатат. Маселеге Министрлер кабинети өзгөчө көңүл бурушу керек”, – деди.