Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

Өлкөдө суу тартыш болууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында билдирди. 

Ал сугат суу маселеси айылдарда гана, шаарларда да көп жаңжалдарга себеп болуп жатканын белгиледи. 

 “Бак дарактар сугарылбай, талаалар суусуз калып жаткандыгы олуттуу көйгөй. Андыктан бул жаатта алгылыктуу кадамдар жасалышы керек”,– деди депутат.