Печать
Категория: Коом
Просмотров: 203

Маалым болгондой, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага  "Коррупция" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары билдирүү жиберилген. Бирок, УКМК билдиргендей, анын үй-бүлөлүк акыбалы жана эрезеге жете элек балдары бардыгы эске алынып,  эч кайда чыкпоо тил каты менен бошотулган. 

Эске салсак, бүгүн УКМК тарабынан экс-депутат Алмазбек Батырбеков жана президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев камакка алынды. Аларга да "Коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 

Эске салсак, Д.Нарымбаев 2012-жылдан 2015-жылга чейин президенттик аппаратты башкарган. Ал эми А.Батырбеков парламенттин эки чакырылышынын депутат болгон. Ошондой эле, 2020-жылы биринчи вице-премьер болуп иштеген. 

 Динара Молдошова парламент депутат болгон, кийинчерээк өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп дайындалган. 2018-жылдан тартып интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик кызматты жетектейт. 

"Кумтөр" иши боюнча буга чейин депутат А.Жээнбеков, Т.Зулпукаров, мурдагы депутаттар И.Пирматов, Т.Узакбаев, Ө.Бабанов камакка алынган. Алар эки айга УКМКнын абагына камалышты.