Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Данияр Нарымбаев жана ЖК экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Кумтөр» иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда. Буга чейин белгилүү болгондой, Мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кайсы баскычтарындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатат.
Тергөө амалдарынын натыйжалары жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 9-июнунда КР Кылмыш жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде президент А. Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбековго кылмышка шектүүлүгү жөнүндө билдирүү берилген", - дейт УКМК.