Өлкөнүн экономикалык абалы чабал болсо, ар кандай биргелешкен финансылык фонддор иш жүргүзө баштайт тура. Дегенибиз, Кыргызстанда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду иштеп келатат. Аталган фонддун капчыктуу ири ишкерлерге, байларга эле арзан үстөк пайыздуу насыяларды бергендерин билбесек, чакан жана орто бизнести өнүктүрүп, жандантып ийгенин билбейт экенбиз.
Эми Өзбек-Кыргыз фонду түзүлө турган болду. Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин депутаттары фондду ачууну колдоп беришти. Фонддун уставдык капиталы канча болот, кайсы тармактарды каржылайт, фонддун каржылоосунан кимдер пайдалана алышат, азырынча белгисиз. Айтымда, фонд экспортту өнүктүрүүгө багытталган тармактарды каржылоого алат экен. Фонддун көпчүлүккө жарыгы тийеби, жа капчыктуу, таасирдүү азчылык үчүн эле иштеген фонддордон болобу, аны убакыт көрсөтөр.
Айтайын дегенибиз, бул жаңы фонд Кыргыз-Герман, Кыргыз-Казак фонддорунун тагдырларын кайталабаса болду. Эсибизде, 1 млрд. долларлык капиталы бар Кыргыз-Герман фондунан өлкөбүзгө 1 доллар келбеген болсо, казактар менен түзүлгөн фонддун 100 млн. доллар бюджети болуп, бирок 30 млн. доллар гана бөлүнгөн.
Булак: “Майдан. kg” гезити