Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

Коомчулукта “лиса” деген каймана ат менен белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов фракциянын лидерлигин кесиптеши Өмүрбек Бакировго өткөрүп, чет өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кеткендиги маалым болду. Бирок коомчулук “дарылануу үчүн” деген жөн гана жумшак формулировка болбосо, ал өзүнүн кылтакка илине турганын билип, же ага алдын ала эскертүү берилип, темир тор артына түшүп калбоонун амалында сыртка качып кеткенин айтууда. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт”. Минтип ойлоого толук негиз бар. Анткени, Иса Омуркуловдун калбырлары жетишерлик. Бишкектин мэри болуп турганда жерлерди мыйзамсыз сатып, акча жасоо боюнча кылмыш иши козголуп, бирок темир тор артынан агездеги жакын досу Алмазбек Атамбаев куткарып калганын баарыбыз билебиз. Бүгүн аны эч ким куткара албайт. Кылмыш иши козголсо, темир тор артына отуруп, жегендерин “кусканга” аргасыз болот. Сыягы, Иса мырзанын “кускусу” жок окшойт. Болбосо, сыртка чыкпай эле уурдагандарын мамлекетке кайтарып, алтын башын куткарып калмак.

Булак: “Майдан. kg” гөзити