Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Сырткы душмандар жетишпей жаткансып, өткөн аптада, 2-июнда Бишкек шаарынын коомдук транспорту, жеке менчик кичи автобустардын айдоочулары  иш ташташып, жай саратандын мээ кайнаткан ысыгында шаардыктарды жөө калтырышты. Албетте, муниципиалдык автобустар менен троллейбустар кадимкидей эле иштеп, элди тейлеп атты деңизчи. Тилекке каршы транспорттун бул түрү жаңы конуштарга чейин толук жетпегендиктен, борбор калаанын коомдук транспорту чала иштеп, айрыкча кары-картаңдар менен жаш балалуу аялдар көбүрөөк кыйналышты.

Кыргыз эли жай турмушта кайдыгер болгон менен башына кыйынчылык түшкөндө, айрыкча сырттан душман кол салганда бир муштумдай түйүлүп, бири-бирибизге жардам бере калат эмеспизби. Бул ирет да айрым жеке компаниялар менен мамлекеттик органдар, машинеси бар адамдар элди бекер тейлешип, бир топ эле сооп жана үлгү болорлук иштерди жасашты.

Ал эми “жол кире 10 сомдон 20 сомго көтөрүлбөсө ишке чыкпайбыз, ДАКАНСА турабыз” деген маршруткачылар “эркектик убадасынан” кайтып, дүйшөмбү күнү, 7-июнда ишке чыгышты жана жол кире мурдагыдай эле 10 сомдон калды.  

Буга себеп, азыр бийлик Чоң-Алайдагы чек ара маселесине көңүл буруп, айдоочулардын талаптарына жооп бербей жатышканы деп айтылууда.

Айдоочулардын айтымында, алар дагы сентябрь айына чейин бийликке убакыт берип күтүшмөкчү. Берилген маалыматтарга караштуу, иш ташталгандан бүгүнкү күнгө чейин айрым маршрут айдоочулары ишин милициянын көзмөлүндө улантышса, айрымдары өз алдынча 15 сом деп тарифти көтөрүп алып иштеп жүрүшкөндүгү да болду.
 

Сыягы, бир чети Бишкек мэриясынын жеке менчик фирма менен 1-июлга чейин газ менен жүрүүчү Өзбекстанда чыгуучу Япониянын “ISUZU” автобустарын алып келүү тууралуу келишим түзүүсү да маршруткачыларды чочутту окшойт.

Булак: “Майдан. kg” гезити