Чакан өлкөбүздөгү бийликтин ырын ырдап, чоорун чордогон, барабанын дүңкүлдөткөн бул жамаатта эки миңге жакын кызматкер иштеген менен жамааттын ички интригаларын айтпаганда да көрсөтүүлөрү окурмандардын табитине, замандын талабына жооп бербей, аудиториясын күндөн-күнгө жоготууда.
Анткен менен бюджеттен олчойгон суммада акча алган КТРКнын ишмердүүлүгү мамлекеттик деңгээлде чечилгендиктен, ушул жумада Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КТРКнын 2020-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңешинин отчёту каралды.
Жыйында баяндама жасаган Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов 2020-жыл 12 жыйын өткөрүлгөнүн белгилеп: “Анда кырктан ашуун чечимдер кабыл алынган. Байкоочу кеңеш колдон келишинче чыгарылган чечимдерди көзөмөлдөп турду”, – деди.
Комитет төрайымы Гүлкан Молдобекова КТРКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин буга чейинки токтомунда Өкмөткө бир катар тапшырмалар берилгенин, бири да аткарылбаганын билдирип: “Маселен, Алтын фондду сактоо үчүн республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүү мүмкүнчүлүгү каралсын деген тапшырма берилген менен аткарылбагандыгын айтты.
КТРКнын 2020-жылдагы бюджети 396 млн 818 миң сом болгон.
К. Болоткановдун айтуусунда, КТРКнын кызматкерлеринин маянасы өтө төмөн, орточо айлык 12 миң сом. Ал жерде ишине берилгендер гана иштейт. Андыктан КТРК өзү тапкан каражатты бюджетке чегербей, корпорациянын иши үчүн жумшалып, айлык маяналар көтөрүлсө жакшы болмок. Анткени, былтыр 59 млн сом бюджетке чегерилген. Эгер каражаттар КТРКда калтырылса, кызматкерлердин айлыгын 30%га көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк экен.
Балким, бул жамааттагы Байкоочу кеңеш деген эч нерсени чечпеген дежур көзөмөлдөөчүлөрдү жоюп, чындап реформа жасап, жаңыча ой жүгүрткөн, жаратман башкы директорду дайындоо же шайлоо керектир?
Булак: “Майдан. kg” гезити