Печать
Категория: Коом
Просмотров: 319

"Эй, айланайын, таластык туугандар! Кай жерде болбосун биз Манастын накта тукумубуз деп кыйкырасыңар. Эгер Манас атабыз тирүү болгондо Бабановго окшогондордун башын алда качан алмак! Силерде бир кыпындай намыс барбы же жокпу? Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз? Андан көрө Бабанов деген балаңардан сурагылачы? Мамлекетке 730 миллион сом салык эмнеге төкпөдүң? Эмне үчүн Россияга 380 миллион долларга цемент завод курдуң? Ошол акчага кыргыз жерине бир завод курсаң болбойт беле? Бийликте жүрүп кантип акча жыйнадың? Жер-Үй алтын кенин кимге, канчага саттың?- деп сурабайсыңарбы? Таластыктар!... Намыс деген кайда? Ай, атаңдын көрү, таластыктарда намыс калбаса шорубуз куруган экен? Уят!.." - деп жазды сүрөтчү Асан Турсункулов соцтармактагы баракчасына.