Бир нече күндөн бери дайынсыз жоголуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси, теги түркиялык, Кыргызстандын жарандыгын алган Орхан Инандынын кайда экендиги, кимдер тарабынан уурдалгандыгы белгисиз болууда. Ал тургай бул маселени Президент Садыр Жапаров өзү жеке көзөмөлүнө алып, УКМК менен ИИМге издеп табуу тапшырмасын берип, чекисттер менен милиционерлер түп көтөрө издегендигинен да майнап чыга элек.Бул аралыкта “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү Орхан бейдин дайын-дарегин айткан маалыматка 1 млн. доллар сыйлык жарыялап, өздөрү Түркиянын элчилигинин алдында күн сайын митинг өткөрүшүүдө.
Түркиянын элчилиги демекчи, Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды Президентке жана элге видео кайрылуу жасап, күйөөсүнүн ал жакта кармалып турушу мүмкүн экендигин айтты.
Ал кайрылуусунда Президент Садыр Жапаровдон жана жалпы кыргыз элинен жардам сурап, жолдошу Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, аны Түркияга бербей сактап калууну суранган.
Ошондой эле, ага учурда жолдошун Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармап тургандыгы боюнча маалыматтар келип жатканын мындайча билдирди:
"Урматтуу кыргыз элим! Менин жолдошум Орхан Инандыны 31-майдан бери таппай, сыздап издеп жүрсөк, мага келген маалымат боюнча, Түркия элчилигинин имаратында кармап турушат экен. Бүгүн-эртең, Орхан агайды кыйнап, Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу боюнча арызын жаздырып, Кыргызстандан алып чыгып кетишет экен. Ушак дейин десем, дал ушул жол менен Түркия дүйнө жүзүндө "Сапат" системасында иштеген мугалимдерди "террорист" деген жалган -жалаа менен Түркияга алып кетип жатат. Бул жөнүндө маалыматтарды интернет булактарынан оңой эле тапсаңар болот. Өзүңүздөрдүн жаранды Түркияга бербөөнү суранам, сактап калыңыздар”.
Бирок Түркия элчилиги Рейхан ханумдун бул кайрылуусуна ак да, көк да деп жооп кайтара элек...
Булак: “Майдан. kg” гезити