"Кыргызым! Өзгөрүүнү ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы! Жатындаш тууган болсо да ууруну "ууру"- дейли! Туура кыргыздык мүнөзүбүз менен тууганыңа жүрөк ооруйт. Эгер өзгөрбөсөк, мамлекетибиз оңолбосо, коррупционерлерден тазаланбасак анда балдарыбыздын, неберелерибиздин да жүрөктөрү ооруп, кыйналган жашоодо жашашат. Өзүбүздү ойлобосок да келечек тукумубузду ойлойлу. Аларга бүгүнкүдөй коррупционер, уурулар талап тоногон мамлекетти калтырбайлы. Антүүгө акыбыз жок", - деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев.