2020 – жылдын жабыктырган маселеси вируска каршы күрөшүү көрүнүшүн жаратты. Вирус табылган соң аны менен алышып калбай, дарттын алдын алуу чаралары алда канча маанилүү. Бул жагынан дарыгерлерибиздин кесиптик деңгээли, элибиздин түшүнүгү, каржылык камсыздоо иштери, лабораториялык шарттар бардыгы бири – бирин толуктап турууга тийиш. Мындай пикирин ЖК депутаты Акыл Кемелов билдирди.
"2020 – жылы келген вируска каршы күрөшүүгө арналган каражаттар өз максатында сарпталышы керек эле. Аны жана дарыгерлерге каралган компенсациялык төлөмдөр жаатындагы эсептердин картинасы такталып жатат. Бул багытта депутаттык комиссия иш алып барат.
Дарыгерлердин айрым аныктоолоруна караганда, вакциналар келди делген менен "анын таасири бардык эле вирустун түрлөрүнө натыйжасын тийгизээр – тийгизбеши арсар" деген да суроолор жаралып жаткандыгы тыкыр иликтөөнү талап кылат", - дейт депутат.