УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Нурлан Дүйшөкеев кармалганын айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Андагы маалыматтарга таянсак, Дүйшөкеевди УКМКнын кызматкерлери кармашкан. Аны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовго карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармашкан.
Эске салсак, Суракматов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматына караганда, анын жана жакын туугандарынын активдери негиздүү киреше булактары жок туруп аз убакытты 50 миллион долларга кескин өскөн.