Сырттан алынып келинген  кумшекер, өсүмдүк майына болгон кошумча нарк салыгын убактылуу жокко чыгаруу сунушталды. Бул тууралуу тиешелүү чечим өкмөттүн сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду

Анда белгилүү болгондой, сырттан ташылып келген кумшекер менен өсүмдүк майын салыктан толугу менен бошотуу 1-июндан 31-декабрга чейинки аралыкка белгиленген. Бул менен  базардагы бааларды турукташтыруу жана ишкерлерди колдоо мүмкүн. 

Учурда  Кыргызстанда кумшекердин баасы 75 сом, ал эми өсүмдүк майынын баасы 170-190 сом.