Бүгүн президент Садыр Жапаров сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйында президент Чүй облустук соттун төрагасы мас абалында жумушка келгени чагылдырылган видеону отургандарга көрсөттү. Андан кийин Жогорку соттун төрайымынан: "Бул кишини таанып атасызбы?" - деп сурады эле, Нургүл Бакирова ал Чүй облустук сотунун төрагасы болушу мүмкүндүгүн айтты.
Садыр Жапаров "ушундай соттор иштесе мыйзам алтын тамга менен жазылса да акыйкаттуулукту орнотууга жардам бербейт" деп белгиледи.
