Баткен шаарынын мэрлигине Имамназар Бурканов шайланды. Белгилей кетсек, ал мэрликке жалгыз талапкер болгон. Ошондуктан, аны шаардык кеңештин 7-июндагы жыйынында 31 депутат бир добуштан колдоого алышты.
Имамназар Бурканов Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Буркановдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун бир тууганы экени айтылууда. Мэр болгонго чейин "Сыйкыр топурак" ЖЧКсын жетектеген.