Баткен шаарынын мэрлигине Имамназар Бурканов  шайланды. Белгилей кетсек, ал мэрликке жалгыз талапкер болгон. Ошондуктан, аны шаардык кеңештин 7-июндагы жыйынында  31 депутат бир добуштан колдоого алышты. 

Имамназар Бурканов Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы  Нурланбек Буркановдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун бир тууганы экени айтылууда. Мэр болгонго чейин  "Сыйкыр топурак" ЖЧКсын жетектеген.