Печать
Категория: Коом
Просмотров: 277

Юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотуна Кыргыз Республикасынын тынч жарандарына ок аткан Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракетин иликтөөгө алууну демилгелөө өтүнүчү менен билдирүү жолдоду. 

Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Бүгүн Рим Статусундагы 15-беренедеги укугумдан пайдаланып, жарандык коом жана курмандыктардын атынан Эл аралык кылмыш сотуна Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстандын тынч жаткан элине кол салуусун иликтөөсүн суранып кайрылуу жолдодум. Маалыматтарды чогултууга жана кайрылуу жазууга көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем.

Мен өзгөчө биздин укук коргоо кызматтары (УКМК, ИИМ жана прокуратура) тарабынан Эл аралык сотко берүү процессинде жардам болбогонун белгилейм", - деп жазды Сания Токтогазиева.