Ош облусунун Кара-Кулжа районунда экс- депутат Асылбек Жээнбековду колдогон тынчтык жүрүшү болууда. Эске салсак, Асылбек Жээнбеков УКМКнын "Кумтөр" алтын кенин текшерүүсүнүн алкагында ачылган кылмыш ишинин негизинде камалган. Бул иш боюнча мурдагы депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев да учурда УКМКнын абагында отурушат. 

Митингге чыккандар Асылбек Жээнбековго каршы саясий куугунтукту токтотуп, эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Уюштуруучулар белгилегендей, тынчтык жүрүшү Биймырза айылынынан райондун борборуна чейин болот. Ага 200дөй адам катышууда.