Бишкек шаардык соту акча талап кылуу менен кармалган Мелис Аспековдун даттануусун карады. Буга чейин Биринчи май райондук соту аны СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган жана жактоочулары мындай чечимге нааразы болуп, шаардык сотко кайрылышкан.
Маалым болгондой, сот чечиминде Башкы прокуратура Мелис Аспековдун баш коргоо чарасын кароону өтүнүч келтирген тергөөчүнүн жана прокурордун аракетинин мыйзамдуулугун текшерүү керектигин белгилеген.
Адвокат Сергей Манукяндын айтымында, башында Аспековдун баш коргоо чарасы каралып, аны УКМКнын абагында кармоо чечими чыгарылган. Ошондуктан, биринчи чечим жокко чыгарылбай туруп тергөөчү экинчи чечимге өтүнүч келтире албашы керек эле.
Эске салсак, Мелис Аспеков "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлеринен 250 миң доллар пара сураганы үчүн кармалган.