УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 4-июнда Н.П.  аттуу жаран коопсуздук органынын кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. 

Маалыматта айтылгандай, Бишкек мэриясына караган муниципалдык ишканалардын биринин башкы эсепчиси Н.П. каржылык мыйзам бузуулар боюнча арызды кароону токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган. Мындан улам текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, ишканада  бир катар каржылык мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

Аталган  факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Учурда  ыкчам тергөө жүрүүдө.