- Өмүрзак Жолдош уулу, "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасын тартууга киришкени турганыңыздарды билдирдиңиз эле, эл аралык бул идеологиялык ири долбоор эмне болду?
- Чыгармачыл топту, башкы ролдорду аткаруучу актёрлорду аныктап, аларга кийимдерди тиктирип атабыз, "Кыял" кол өнөрчүлөр бирикмеси, анын башкы жетекчиси Элдар Аттокуров менен биргеликте. Өкүнүчкө, пандемия, ага кошул-ташыл эл аралык жаңжалдар токтобой кино тартууга кызуу кирише албай мүчүп турабыз. Буйруса, коогалаңдар өтсө, элибиз аман, өлкөбүз тынч болсо бул эл аралык кино долбоор турмушка ашаар.
- Манастын уулу Семетей" тасмасында окуя Тажикстанда да тартылса керек эле, Тажик кошуналар менен минтип кырды бычак кырдаал түзүлүп турганда ал оюңуздар ишке ашаар бекен?
- Ооба, Семетейдин бала чагын кошуналар тарапта тартуу ойдо бар. Менимче, бул саясий курч кырдаал жеңилдейт го, эки эл ынтымак-ырашкерликте жашашы керек, азыркы заман талабы ушундай. Тиреш, согуш эч кимге жеңиш, жакшылык алып келбейт. Бул багытта президент Жапаров менен атайын кызмат жетекчиси Ташиев мыкты жумуш жасап жатышат, аларды колдоп, тынчтык, достук жеңишине жетишишибиз керек.
Эки дос жетекчилерибиз Кыргыз мамлекетинин, элинин кызыкчылыгы үчүн кошуна, жек-жаат калк биякта турсун "Кумтөр" аркылуу дүйнөлүк улуу мафиоздорго чыркырап каршы турушуп, кылымдык, ааламдык эрдик жасап атышканына эл ыраазы, дүйнө суктанууда.
- Сиз чыгармачыл байланыштар аркылуу бир катар чет өлкөлүк кесиптештериңиз менен тыгыз байланышта экениңиз белгилүү, ошон үчүн айтып атсаңыз керек Кыргыз бийлигинин алтын кенге байланышкан чечкиндүү күрөшүнө четтиктер ыраазы болуп турганын. Биздеги айрымдар кайра айыптап атышпайбы:"Жыландын куйругун басышты" деп...
- Жыландын эмес, ажыдаардын куйругун басышып, дыркырата кууп чыгып атышат. Чындык, адилеттик күчтүү. Ал ажыдаарга каршы алардан да күчтүү ажыдаарлар бар.
- "Президент жана бомж","Москва сүйүүсү","Төңкөрүш","Миллионердин сүйүүсү " сымал популярдуу саясий кинолорду тарткан ишмер катары азыркы бийликти колдоп Жапаров тууралуу бир канча тилде эл аралык долбоор да жасагансыз. Бул багытта дагы улантмакчысызбы?
- Саясий активдүү жаран катары Жапаров, Ташиевди 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон бери 2020-жылда да колдоп, кыска видеолорду жасап келдим. Акаев, Атамбаев, Жээнбековдорду жактап тасма жасаган эмесмин. Азыркы термин менен айтканда "профессионал пахтакор" эмесмин. Учурдагы бийлик башчыларыбыздын азыркы саясаты тууралуу эл аралык ири мекеменин тапшырмасы менен дагы бир жаңы даректүү тасма даярдап атабыз.
(Сүрөттө: "Манастын уулу Семетей"тасмасынын продюсери Өмүрзак Төлөбеков режиссёр Эгемберди Бекболиев жана кино актёр Марат Алышпаев менен кино долбоорду талкуулоо учурунда)