Печать
Категория: Коом
Просмотров: 686

- Адахан Мадумаров иним! Өзгөндүк агаң катары сага кайрылууга туура келип жатат.Сени 30 жылдан бери элим, жерим деп чындык үчүн чыркырап жүргөнүңдү көрүп, ар бир шайлоодо тууган -уруктарым менен сени колдоп келдим эле. Сени Кыргыз үчүн күйгөн патриот жигит катары билчү элем. "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде"  дегенде сени элестетет элем. Мына азыр Кыргыз элинин башына болуп көрбөгөндөй кыйынчылык түшүп, бир жагынан жөөттөрдүн акчасына тойгон айбандар митингдерди уюштуруп, бир жагынан "жеп жутарлардын" маршруткалары саботаж жасап, тажиктер биздин ынтымагы жок эл экенибизди билип,  кыргын салып, "Кумтөрдүн"  алтынын жеген коррупционерлер экинчи жагынан айланы курутуп жаткан мезгилде Кыргызстан деген арабанын бир жагынан тартышсаң болот эле. Бирок сен анте албадың. Таза жүзүңдү көргөзүп, "ошону көрүшмөк" деп ар сөздү кылтыйтып коюп отурганың  эң жок дегенде эле мага окшогон элиң  үчүн чыккынчылык деп эсептейм. "Кумтөр"  деп далай жолу кыйкырдың эле, президеттик башкаруу болсун деп кыйкырдың эле. Садыр менен Камчы сен ойлогондун баарын жасады. Сен кана, кайдасың? Жок дегенде интернеттен да үн катып, ушул жигиттерге кубат берген сөзүңдү аяп үңкүйүп отурасың. Кыргыз мамлекети деп жан үрөп жүргөн Камчы Ташиевди карап уялбайсыңбы? Курманкул Зулушевди карап уялбайсыңбы? Балаң менен тен Мариповду карап уялбайсыңбы?  Бул жигиттер дүнүйө үчүн, мансап үчүн жанын карч уруп жатышкан жок. Сен 30 жыл сайрап жүргөн мөгдөгөн элдин турмушун оңдойлу, элибиз жер карабай алдыңкы мамлекеттерге тең ата бололу деп түнү- күнү уйку көрбөй иштеп жатышат. Сенин ким экениңди эми түшүндүм. Сага бийлик гана керек экен. Сен гана кыйын болушуң керек экен. Сен эми мен үчүн мансапкор, тилинен башка эч нерсеси жок бир пенде бойдон каласың. Элдер айтса сенин таламыңды талашып урушкан күндөр болгон. Кечир иним.

Отставкадагы улуу офицер Садыков Абитжан агаң