Бүгүн, 5- июнда кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы кырдаал тынч. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, түн тынч өткөн, ар кандай окуялар катталган жок. Кырдаалды турукташтырууга бардык чаралар көрүлүп жатат.
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арада күчөтүлгөн тартип иштөөдө.