Алай районунда Аба күчтөрүнүн МИ-8 тик учагы кулап түшкөнү айтылууда. Маалыматтарга караганда, тик учакта чек ара аймагындагы акыбалды жөнгө салуу үчүн бараткан тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү болгон.
Маалымат расмий тастыктала элек. Бирок айрым маалыматтар боюнча, тик учакта 15 жүргүнчү болгон жана анын төртөө кырсыктан жабыркаган.
Эске салсак, бүгүн саат 03.00дө Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек ара аймагында такталбаган жерге тажик тарап контейнер орнотуп баштаган. Аны менен алар Кыргызстандын аймагына 1000 метр киришкен. Мындан улам кырдаал курчуган. Эртең менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев делегация менен Чоң-Алайга жөнөп кеткени белгилүү болгон.