Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районуна кыргыз-тажик чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, аны менен чогуу министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча  атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агентигинин директору Абдулат Мырзаев да кетти. 

Белгилей кетсек, К.Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана дамаркациялоо боюнча делегациянын жетекчиси. 
 
 Бүгүн саат 03.00дө тажик тарап кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакка контейнер орнотуп башташкан. Ошондо алар Кыргызстандын жерине 1000 метрге киришкен.