Бүгүн, 4-июнда таңкы саат 6:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында абал чыңалуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

«Тажик тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына контейнер коюп, андан 600 метр алыс кетишти», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Чек ара кызматы Кыргызстан тараптан абалды турукташтыруу боюнча чара көрүлүп жатканын, бирок Тажикстандын чек арага жооптуу өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышканын билдирди.

Учурда Чек ара кызматынын кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.