Печать
Категория: Коом
Просмотров: 671

Суук тийгенде вирустук инфекция менен күрөшүү үчүн сарымсак, пияз, имбирь, лимон жана балга чуркайт эмеспизби. Дүйнө жүзүндө бул жашылчалардан башка да суук тийүү ооруларын айыктыруучу кызыктуу ыкмалар бар экен. Бирок, ооруган адам сөзсүз дарыгерге кайрылуусу зарыл.

Кескелдириктин  сорпосун ичкен гонконгдуктар

Биз ооругандарга тоок сорпосун беребиз, а Кытайдын жашоочулары суук тийүүнүн миңден бир дабасы кескелдирик деп билишет. Кескелдирикти  алар «гонконгдук пенициллин» деп аташат. Алдын ала кургатылган кескелдириктен сорпо жасашып, ооруп жаткан адамга ысык ичиришет. Кытайлыктардын айтымында, мындай сорпо адамды тердетип, мурундун бүтүүсүн жоготуп, көкүрөктөгү какырыкты сыртка чыгарат.

Жөтөлгө каршы  карамель  

Бул жөтөлдү басуунун эң таттуу рецеби болсо керек. Сербияда аны кадимки шекерден даярдашат. Ал үчүн жай отто эки-үч аш кашык шекерди бир нече тамчы суу менен ээритишет. Карамель даяр болгондон кийин аны бир стакан сүткө кошуп, жай отто үзбөй аралаштырып, карамель толугу менен ээрип кеткичекти кайнатышат. Аны ысык бойдон аз-аздан шашпай жутуп ичүү керек. Сербиялыктардын айтымында, бул дарыдан кийин суук тийүүнүн залдары жана чыйрыгуу жоголот.

Эрменди күйгүзүп дарылоо

Ачуу эрмендин дарылык касиети баарыбызга маалым. Айрым ооруларга каршы  маңызын алып,    же чайга кошуп пайдаланабыз. А кытайлар ачуу эрмендин күйгөндөгү жытынан дарылануу боюнча укмуштуудай ыкма сунушташат. Кургатылган ачуу эрмендин бутагын күйгүзгөндөн пайда болгон түтүн антисептик катары таасир берет, анын пайдасы менен тамактын оорусу, жөтөл, мурундун бүтүүсү, чыйрыгуу ж.б. суук тийүү ооруларынын белгилери алсызданат. Мындай ыкма оору башталып келатканда тез таасирин берет. Бирок, эрменден аллергия болуу мүмкүндүгүн унутпоо керек.

Испандыктардын сарымсак чайы

Кышында ооруганда испандыктар сарымсак чайына басым жасашат. Алар сарымсактын бир нече тишин идишке салып, үстүнө кайнак суу куюшуп, эки сааттай тыныктырышат. Андан соң кайра ысытышат да, аз-аздан ууртап ичишет. Кээде сарымсактын тишин бал жана лимон кошулган чайга кошуп коюшат. Бул жөтөлдү азайтып, айыгууну тездетүүгө жардам берет.

Тамак оорусуна шыпаа – шалгам пюреси

Ирандыктар суук тийүүнүн биринчи белгилери башталганда эле шалгамдан ар кандай кошулмаларды кошуп пюре жасоого киришишет. Жашылчаны сууга кайнатып, эзип, кошулмаларды жана каймак кошушат.   Пюрени жылуу кезинде ооруган адам жесе, тамактын оорусу басаңдайт.