Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Бүгүн, 4-июнда да Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары линияга чыгышкан жок. Эске салсак, айдоочулар жол кире акысын көбөйтүү талабы менен 2-июнда иш ташташкан. 

Транспорт министри Гүлмира Абдралиеванын айтымында, линияга чыкпай койгон айдоочуларды лицензиядан ажыратууга негиз керек. 

"Бул үчүн бизге негиз керек. Эгер Бишкек мэриясынын шаардык транспорту Башкармалыгы ташуучу фирмаларды лицензиядан ажыратуу боюнча арыз менен кайрылса, анда биз бул маселени карайбыз. Азыр болсо мэриянын алар менен кандай келишим шарттары болгонун карашыбыз керек. Мэрияга алдын ала иш таштоо кылышаарын кабардашканбы, аны билишибиз керек. Азырынча аларды лицензиядан ажыратуу боюнча эч ким кайрыла элек", - деди министр.