- Эки күндөн бери маршрут тейлөөчү компаниялар өлкөгө саботаж уюштуруп жатышат. Буларды жоопко тартып, лицензияларын жокко чыгарыш керек. Кайра тез аранын ичинде маршруттарды иретке келтирүү милдети турат. Төрт жүздөн ашуун автобустар учурда бузулган абалында менчик гараждарда акы төлөнүп, сакталып турат. Ошо бузук автобустарды менчикке сатып, ишке киргизүү кажет. Сатып алган тарап ал автобустарды өздөрү оңдоп алышат. Андан кийин, иштеп баштаган соң чыгымын чыгарып алышат. Гаражда турган автобустарга ижара акысы катары мэрия очойгон миллионду которуп турат. Уурулук ушу жерде жатат, ага мэрия ортоктош. Бул уурулар бизге ири маселе жаратты. Балдар окууга бара албай, практикасын аткара албай калышты.